Токтогул районунун Үч-Терек айыл өкмөтү төмөндөгү административдик муниципалдык бош кызмат орундарына сынак жарыялайт: 1.Жетектөөчү адис – ветеринар ( 1 штаттык бирдик): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим же орто кесиптик билим – Зоотехния, Айыл чарба, ветеринария адистиктери боюнча. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары. – Билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө; – Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 2.Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору ( 4 штаттык бирдик): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим же орто кесиптик билим – Аскердик билим берүү адистиктери боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Педагогикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; – Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди; – Билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө; – Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Аталган сынакка катышуучулар 14.06.2021-жыл саат:17:00 го чейин талап кылынган документтерди Үч-Терек айыл өкмөтүнүн кеңсесине алып келип тапшыруусу абзел. Сурап билүү телефондору: 0702-57-67-95, 0773576795,0700-52-72-9614-июньдун

terek
Автору terek June 7, 2021 14:23

Акыркы жарыялар

terek
Автору terek June 7, 2021 14:23
Write a comment

No Comments

No Comments Yet!

Let me tell You a sad story ! There are no comments yet, but You can be first one to comment this article.

Write a comment
View comments

Write a comment

Сиздин электрондук адресиңиз эч кимге көрсөтүлбөйт.
Обязательные поля помечены*

fifteen + twenty =