Жалпы Жоболор
Үч-Терек айылдык (поселкалык) кеңешинин туруктуу комиссиялары жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Үч-Терек айылдык (поселкалык) кеңешинин (мындан ары Кеңеш) ишин жөнгө салат.
1.2. Кеңештин карамагына тиешелүү норма чыгаруу иштерин жүргүзүү, маселелерди даярдоо жана алдын ала карап чыгуу үчүн Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн чектеринде Кеңештин туруктуу иштеген төмөнкүдөй комиссиялары өз ишин жүзөгө ашырат: бюджет жана экономика боюнча комиссия, социалдык маселелер боюнча комиссия, агрардык комис-сия, Кеңештин депутаттарынан – комиссиянын мүчөлөрүнөн турган администрациялык комис-сия. Зарылчылык болгон учурда Кеңеш ушул Жободо чагылдырылбаган маселелер боюнча башка комиссияларды түзүшү мүмкүн.
1.3. Комиссиялар Кеңештин алдында жооп берет жана ага отчет берет.
1.4. Ар бир депутат Кеңештин туруктуу комиссияларынын биринде турууга милдетүү.
1.5. Кеңештин депутаты бир гана (айрым гана учурларда – эки) комиссиянын мүчөсү боло алат.
1.6. Комиссиялардын иши мыйзамдуулук, маалымдуулук, коллегиялуулук жана коомдук пикирди эске алуу принциптерине негизделет.
1.7. Өз ишинде комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республика-сынын колдонулуп жаткан мыйзамдарын, муниципалитеттин Уставын, Кеңештин Регламентин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.8. Комиссиялардын сунуштарын муниципалдык аймакта болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар милдетүү түрдө карап чыгууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, жана уюм-дардын жетекчилери карап чыгуунун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө комис-сияларга белгиленген мөөнөттө алар белгиленген тартипте маалымдоого милдеттүү.
2.Комиссиялардын ыйгарым укуктары
2.1. Комиссиялар өзүнүн карамагындагы предметтер боюнча: чечимдердин жана башка чечимдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
Кеңештин чечимдеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоону жүзөгө ашырат; өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды даярдайт жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик бийлик органдарынын кароосуна коет; депутаттарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу – тескөө органдарына, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга алардын ишинде көмөктөшөт;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу – тескөө органдары, кимге баш ийгенине жана менчигинин түрүнө карабастан муниципалдык аймактагы ишканалар, уюмдар жана мекемелер комиссиянын карамагына кирген маселелер боюнча колдонуп жаткан мыйзамдарды сакташына жана Кеңештин чечимдерин аткарышына контролдук кылат;
депутаттык угууларды жүргүзөт, сунуштар жана рекомендациялар даректелген, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар жана жактар карап чыгууга милдетүү болгон сунуштарды жана рекомендацияларды кабыл алат;
Кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана экспертизадан өткөрүү үчүн зарыл кесиптеги адистерди комиссиялардын ишине тартат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2.2. Комиссиянын карамагына тиешелүү маселелер боюнча материалдарды жана долбоорлорду Кеңештин кароосуна киргизген учурда анын корутундусу милдетүү түрдө болууга
тийиш.
3.Бюджет жана экономика,муниципалдык менчик,инвестиция,
ишкердик иш,тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссия
жүргүзө турган иштер.
3.1. Бюджетти түзүү, аны бөлүштүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу.
3.2. Муниципалитеттин бюджетинин жана муниципалдык бюджеттен тышкары фонддордун бюджеттерин долбоорун карап чыгуу жана аныктоо, аларды Кеңешке киргизүү.
3.3. Бюджеттик каражаттарды жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жана чыгымдоо боюнча Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
3.4. Бюджетти пайдалануу процессинде аны түзөтүү жана тактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3.5. Бюджеттердин резервдерин жана кошумча кирешелерин табуу.
3.6. Кеңештин башка комиссияларынан бюджет боюнча келип түшкөн сын пикирлерди жана сунуштарды карап чыгуу жана макулдашуу.
3.7. Бюджеттер боюнча келип түшкөн сунуштарды талдоо жана алар боюнча корутундуларды иштеп чыгуу.
3.8. Өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты башкаруу органдарынан алуу.
3.9. Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди иликтөө.
3.10.Өзүнүн жыйналыштарында бюджеттердин аткарылышынын маселелери боюнча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана тиешелүү уюмдардын жетекчилеринин докладдарын угуу.
3.11.Айыл өкмөттөрүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлорун карап чыгуу, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын киргизүү.
3.12.Социалдык- экономикалык кырдаалды иликтөөнүн негизинде муниципалитеттин бюджетинин каражаттарын кайра бөлүштүрүү боюнча сунуштарды Кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизүү.
3.13.Салык ставкаларын, жыйымдарын, кызмат көрсөтүүлөргө акынын тарифтерин, аларды алуу тартибин, бул төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди жана колдолунуп жаткан мыйзамдарга ылайык башка жеңилдиктерди жана пособиелерди белгилөө маселелерин карап чыгуу, Кеңештин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо.
3.14.Бюджеттин болжолдонгон финансылык милдеттенмелери боюнча жана муниципалитеттин бюджетин жана муниципалдык бюджеттен тышкары фонддорду аткаруунун натыйжалары
боюнча корутундуларды даярдоо.
3.15.Үстүдөгү жылда турмушка ашырылып жаткан долбоорлорду эске алуу менен тиешелүү финансылык жылга муниципалитеттин бюджеттин жана инвестициялык долбоорлорду финан-
сылоонун тизмесин жана көлөмүн карап чыгуу жана аныктоо.
3.16.Бюджеттик программаларды турмушка ашыруунун жүрүшүнө мониторингди жүзөгө ашыруу жана алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3.17.Муниципалдык (коммуналдык) менчикти (кыймылсыз мүлктү, жерди ж.б) башкаруу
боюнча маселелерди карап чыгуу.
3.18.Муниципалитеттин экономикалык саясатынын маселелерин (ишкерликти, баа түзүүнү, инвестицияларды) ирээтке келтирүү жана талдоо.
3.19.Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү болгон башка маселелерди карап чыгуу.
3.20.Инвестиция тартуу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана Инвесторлор менен ишкердик тыгыз байланышта иш алып баруу.Айылдардын инфраструктурасын которууго салым кошуу.
4. Социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзө турган иштер
4.1. Социалдык маселелер боюнча келечектүү долбоорлорду, болжолдорду, программаларды жана ченемдик актыларды иштеп чыгууга катышуу жана бекитүү.
Социалдык маселелерге төмөнкүлөр кирет:
• Калкты социалдык жактан коргоо; (Соц.жардам жана адистери,Соц.фонд)
• Саламаттыкты сактоо, калкты эпидемиологиялык камсыз кылуу; (Эмкана,Оорукана,ФАП)
• Почта тармактары;(жалпыга маалымдоо каражаттары)
• Жергиликтуу оз алдынча башкарууну онуктуруу.
• Экология; (Тазалык, таштандылардан арылтуу, айлана- чөйрөнү коргоо)
• Турак жай саясаты; (Мамкаттоо башкармалыгы)
• Эмгек, калктын иш менен камсыз болушу;
• Мамлекеттик каттоо кызматтары (ЖААК бөлүмү, Паспорт стол, ВУС)
• Коомдук уюмдар; Аксакалдар соту, Аксакалдар кеңеши, Аялдар кеңеши, Жаштар кеңеши
4.2. Социалдык программаларды турмушка ашырууга ,бөлүнүүчү каражаттарды финансылоого жана чыгымдоого контролдук кылуу.
4.3. Жергиликтүү жамаатын аймагында бардык деңгээлдердеги ченемдик, укуктук жана мыйзамдык актылардын аракетинин экономикалык, социалдык-саясий натыйжаларын болжолдоо.
4.4. Жергиликтүү жамааттын тургундарынын турмуш деңгээлин жогорулатуу боюнча келечектүү багыттарды колдоо.
4.5. Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелерди карап чыгуу.
5. Билим берүү, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссия жүргүзө турган иштер.
5.1. Билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссия жүргүзө турган маселелер боюнча келечектүү долбоорлорду, болжолдорду, программаларды жана ченемдик актыларды иштеп чыгууга катышуу жана бекитүү.
Билим берүү, жаштар саясаты боюнча комиссиянын маселелерине төмөнкүлөр кирет:
• Билим берүү тармактары;
• Маданият тармактары;
• Жаштар саясаты жана балалык;
• Дене – тарбия жана спорт;
• Дин иштери; (имамдар, диний үгүт иштерин кароо, каада-салттар, ырым-жырым)
5.2. Мектеп,бала бакча,проф.тех.ж.б.билим берүү тармактарындагы билим берүүнүн сапатын ж-а деңгээлине көзөмөл жүргүзүп, баа берүү, көйгөйлүү маселелерин комитете карап сессияга
алып чыгуу.Ата-энелердин бул тармактар боюнча ойлорун угуп анализ жүргүзүү, билим берүүдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча программаларды иштеп чыгуу.
5.3. Билим берүү тармактарындагы тамак –аштын берилүүсүн, сапатын көзөмөлгө алуу,
ашканаларынын тамак-ашынын тазалыгына, текшерүү жүргүзүп туруу иш чарасы.
5.4. Бул тармактар боюнча айылдык Кеңештин чыгарылган токтомдорунун аткарылышына
көзөмөлдү уюштуруу. Башка комиссиялар менен биргеликте иш чараларды уюштуруу.
5.5. Маданият тармактарынын ишмердүүлүгү боюнча программаларды иштеп чыгуу, колдоо
иретинде бөлүнгөн акча каражаттарынын аткарылышын аныктоо.
5.6. Жаштардын социалдык абалына анализ жүргүзүп, көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча
долбоор, программаларды иштеп чыгуу жана сессияга сунуш кылуу.
5.7. Жаштар арасында спорттук мелдештерди уюштуруу,айыл жеринде спортту өнүктүрүү ж-а
спорттук аянттар, залдарды ачуу, куруу боюнча долбоор, программаларды кароо.
5.8. Диний ашыкча ырым-жырым, каада-салттарды жоюу боюнча долбоорлорду иштеп
чыгуу. Диний секталардын пайда болушуна бөгөт коюу иш чаралары. Имамдардын жүргүзгөн
иштерин кароо.
5.9. Комиссиянын карамагына кирген башка маселелерди карап чыгуу.
6. Агрардык комиссия жүргүзө турган иштер
6.1. Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектерине жер мамилелеринин, агрардык саясаттын, жаратылыш ресурстарынын, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоонун маселелерин укуктук жактан жөнгө салуу.
6.2. Агрардык сектордун, жерлерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, курчап турган чөйрөнү коргоонун иш жүзүндөгү абалын талдоо, булл маселелер боюнча сунуштарды даярдоо жана аларды Кеңештин кароосуна киргизүү.
6.3. Агрардык саясат жагынан Кеңештин ишин маалымат-аналитикалык жана эксперттик жактан камсыз кылуу, комиссиянын карамагына кирген маселелер боюнча сунуштарды даярдоо.
6.4. Аткаруу- тескөө органдарынын, дыйкан жана фермер чарбаларынын, асыл тукум жана үрөн чарбаларынын, ветеринардык жана санитардык кызматтардын жана агрардык чөйрөдөгү башка субъекттердин ишине, ошондой эле комиссиянын ишинин маселелери боюнча Кеңештин чечимдерин алар аткарышына контролдукту, камсыз кылуу.
6.5. Аграрчылардын коомдук-саясий уюмдары, комиссиянын карамагындагы маселелерге тиешеси болгон кооперативдик жана башка уюмдар менен иштиктүү байланышты камсыз кылуу.
6.6. Агрардык маселелер, мал чарбачылыгы жана ветеринария боюнча депутаттык угууларды, кеңешмелерди уюштуруу.
6.7. Жер маселелери, агрардык саясат, мал чарбачылыгы, ветеринария, жаратылышты пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын аткарууга көмөктөшүү.
6.8. Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелерди карап чыгуу.
7. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча
комиссия жүргүзө турган иштер
7.1. Кеңештин чечимдеринин долбоорлоруна корутундуларды Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык даярдоо.
7.2. Муниципалитеттин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоо жана алардын сакталышына контролдук кылуу.
7.3. Кеңештин чечимдеринин жана башка ченемдик актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу, төмөнкүдөй багыттар боюнча Кеңешке киргизилген чечимдердин долбоорлору боюнча корутундуларды, сын-пикирлерди жана сунуштарды даярдоо:
– мыйзамдуулук жана укук тартиби;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу;
– жарандардын укуктарын коргоо;
– коомдук, диний уюмдар, саясий партиялар жана кыймылдар;
– жалпыга маалымдоо каражаттары;
– архитектура жана курулуш иштери;
– тарых жана маданият эстеликтерин коргоо.
7.4. Укук коргоо органдарынын ишин чыңдоо жана өркүндөтүү маселелери боюнча Кеңештин ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашыруу.
7.5. Муниципалдык аймакта мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, укук тартибин жана коопсуздукту чыңдоого, жарандарды укуктук тарбиялоого багытталган программаларды жана ченемдик актыларды карап чыгуу.
7.6. Жарандардын арыздарын, кайрылууларын, даттанууларын карап чыгуу жана алардын мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
7.7. Муниципалдык аймакта жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иши менен байланышкан маселелер боюнча депутаттык иликтөөнү уюштуруу.
7.8. Кеңештин чечимдерин аткарбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселелерди Кеңештин кароосуна коюу.
7.9. Кеңештин депутатынын статусун жөнгө салган маселелер боюнча корутундуларды, ошондой эле Кеңештин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар боюнча корутундуларды даярдоо.
7.10.Кеңештин депутаттарынан, депутаттык бирикмелерден келип түшкөн сунуштарды талдоо жана жалпылоо, сунуштарды иштеп чыгуу жана Кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды Кеңештин кароосуна коюу.
7.11.Кеңештин Регламентинин жоболору боюнча Кеңештин депутаттарынын, комиссияларынын, депутаттык бирикмелеринин консультациясы.
7.12.Депутаттык этиканын ченемдерин сактоо менен байланышкан маселелерди карап чыгуу,
Кеңештин Регламентинде каралган жоопкерчилик чараларын депутаттарга колдонуунун негиздүүлүгүнүн маселелери боюнча корутундуларды даярдоо.
7.13.Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелерди кароо.
8. Комиссияларды түзүү тартиби
8.1. Комиссиялар кезектеги шайлоодон кийин Кеңештин биринчи жыйналышында түзүлөт, биринчи жыйналышта ошондой эле депутаттардын ичинен комиссиялардын курамы, комиссия-лардын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары шайланат. Кеңештин комиссияларын түзүү жана алардын курамын шайлоо жөнүндө Кеңеш жыйналышка катышып олтурган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Добуш берүү комиссиялардын мүчөсүнүн ар бир талапкерлиги боюнча жүргүзүлөт.
8.2. Комиссиялар үчтөн аз эмес депутаттан, анын ичинде комиссиянын төрагасынан, комиссия-нын төрагасынын орун басарынан.
8.3. Комиссиялар түзөлгөндөн жана алардын курамы шайлангандан кийин комиссиялардын
мүчөлөрү өз курамынын ичинен ачык добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен комиссиянын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын шайлайт.
8.4. Комиссиянын төрагасы:
– комиссиянын ишине жетекчилик кылат;
– комиссиянын ишин пландаштырат жана уюштурат;
– комиссиянын жыйналышынын датасын дайындайт жана анын мүчөлөрү келишин камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт, Кеңештин комиссиясынын жыйналышына материалдарды даярдоону камсыз кылат;
– комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылат;
– комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кеңештин чечимдеринин аткарылышына контролдукту уюштурат жана комиссия жүзөгө ашырган иш үчүн жоопкерчилик тартат;
– комиссиянын жыйналыштарынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коет;
– комиссиянын кометенциясына кирген, бийлик жана башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, кызмат адамдарынын жана жарандардын дарегине комиссиянын атынан жөнөтүлүүчү маселелер боюнча документтерге кол коюу укугуна ээ;
– комиссиянын иши менен байланышкан материалдарды, документтерди анын мүчөлөрүнө жөнөтөт;
– комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет;
– комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке маалымат берет;
– комиссиянын ишин уюштуруу менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
8.5. Комиссиянын төрагасынын орун басары төрага жокто анын функцияларын аткарат жана фукцияларды аткарууда комиссиянын төрагасына жардам берет.
8.6. Комиссиянын төрагасы ээлеген кызматынан Кеңештин шайланган курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен Кеңештин чечими менен жеке арызы боюнча, комиссиянын сунушу боюнча, комиссиянын курамынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган комиссиянын сунушу боюнча, ошондой эле ал өз милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылган кырдаалдарга байланыштуу бошотулат.
9. Туруктуу комиссиялардын укуктары
9.1. Комиссиялар өздөрүнүн карамагына жана компетенциясына кирген маселелерди Кеңештин кароосуна коюуга укуктуу. Сунуштары колдоого ээ болбогон комиссия мүчөлөрү аларды Кеңештин жыйналышында бул маселени талкуулоо учурунда жазуу жүзүндө же оозеки киргизе алат.
9.2. Комиссиялар ар кандай жергиликүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын, мекеменин жана уюмдун иши жөнүндө, алар Кеңештин чечимдерин аткарышы жөнүндө отчетту, маалыматты Кеңештин жыйналышында угуу жөнүндө өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
9.3. Комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялар карап чыгышы үчүн маселелерди сунуш кылууга жана аларды даярдоого жана талкуулоого укуктуу.
9.4. Комиссиялар өздөрүнүн карамагына жана компетенциясына кирген маселелер боюнча өз жыйналыштарында жетекчилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык аймакта жайгашкан, менчиктин ар кандай уюштуруу-укуктук формалардагы жана менчиктин формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин) докладдарын жана билдирүүлөрүн угууга укуктуу. Комиссиялардын сунушу боюнча көрсөтүлгөн органдардын жана ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери же өкүлдөрү комиссиялардын жыйналыштарына келет жана комиссиялар карап жаткан маселелер боюнча объективдүү жана толук маалымат берет.
9.5. Комиссиялар өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жана компетенциясынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл материалдарды жана документтерди суратууга укуктуу.
9.6. Комиссия мүчөлөрү комиссиялардын тапшыруусу боюнча комиссиялардын компетенция-сына кирген маселелерди жеринде изилдөөгө, мамлекеттик жана коомдук органдардын жана уюмдардын, ошондой эле жарандардын билдирүүлөрүн жалпылоого, өзүнүн тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдирүүгө укуктуу.
9.7. Комиссиялар анын чечимдеринин долбоорлорун жергиликтүү жамааттын калкынын талкуусуна берүү боюнча сунуштарды Кеңешке киргизүүгө укуктуу.
10. Комиссиялардын Кеңештин алдындагы отчеттуулугу
10.1. Календарлык жылдын аягында комиссия Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берет.
10.2. Комиссиянын отчету Кеңештин жыйналышында угулат. Отчеттор боюнча Кеңештин чечими кабыл алынат.
10.3. Кеңеш комиссиялардын учурдагы иши жөнүндө отчетту каалаган учурда уга алат. Мындай отчетту карап чыгуунун мөөнөтү Кеңештин чечими менен аныкталат.
11. Комиссиялардын ишин уюштуруу
11.1.Кеңештин туруктуу иштеген комиссияларынын жыйналыштары Кеңештин карамагына кирген маселелерди даярдоо жана алдын ала карап чыгуу үчүн өткөрүлөт.
11.2.Комиссиянын жыйналыштарын Кеңештин тиешелүү комиссиясынын төрагасы чакырат.
11.3.Кеңештин комиссиясынын жыйналыштары жөнүндө комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнө, ошондой эле жыйналыштын башка катышуучуларына комиссиянын жыйналышына чейин кеминде эки күн мурда билдирет, мында комиссиянын жыйналышынын күн тартиби көрсөтүлөт.
11.4.Комиссиянын иши комиссиянын жыйналышында бекитилген планга ылайык жүзөгө ашырылат. Зарылчылык болгон учурда комиссиянын кезексиз жыйналышы чакырылышы мүмкүн.
11.5.Комиссиянын мүчөлөрү жыйналыштарга катышуу боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укуксуз.
11.6.Комиссиянын мүчөлөрүнүн бекитилген курамынын санынын кеминде үчтөн экисинен азы жок болгон учурда комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
11.7.Комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын ишине катышууга, анын чечимдерин турмушка ашырууга көмөктөшүүгө, комиссиялардын тапшырмаларын аткарууга милдетүү. Комиссиянын жыйналыштарына жүйөөлүү себептер боюнча катышуу мүмкүн эместиги жөнүндө Кеңештин депутаты тиешелүү комиссиянын төрагасына күн мурунтан маалымдайт.
11.8.Кеңештин комиссияларынын жыйналыштары Кеңештин жыйналыштар залында өткөрүлөт.
11.9.Комиссиялардын жыйналыштары ачык болуп саналат, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарынын өкүлдөрү катышууга милдеттүү. Адистер, эксперттер, таламдаш адамдар, аткаруучулар, чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуучулар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн. Зарылчылык болгон учурда Кеңештин комиссиясынын төрагасынын же мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин сунушу боюнча комиссия жабык жыйналышты өткөрүүгө укуктуу, бул жөнүндө чечим Кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйналышка катышып олтурган мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11.10.Кеңештин комиссиясынын жыйналышында маселелерди талкулоо тартибин Кеңештин комиссиясы өз алдынча аныктайт.
11.11.Комиссиянын чечимдери комиссиянын курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрүнүн пикирин сурап билү жолу менен кабыл алынат жана , эгерде аларды жактап комиссиянын мүчөлөрүнүн катышып олтурган мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу берилсе, кабыл алынды деп эсептелет. Комиссиянын мүчөлөрү чечимдерди кабыл алуу учурунда теңдеш добушка ээ. Добуштар тең болгон учурда комиссиянын төрагасы жактап добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
11.12.Кеңештин бир нече комиссияларынын карамагына кирген маселелерди карап чыгуу учурунда биргелешкен жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
11.13.Комиссиялардын биргелешкен жыйналыштарын алардын өкүлдөрү өз ара макулдашуу боюнча алып барат, ал эми чечим ар бир комиссия боюнча өзүнчө катышып олтурган мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиялардын биргелешкен жыйналыштарынын протоколдоруна бул комиссиялардын төрагалары кол коет. Бир эле маселе боюнча комиссиялардын позицияларында ажырам болгон учурда бул комиссиялардын мүчөлөрүнүн ичинен теңдеш негизинде макулдашуу комиссиясы түзүлөт.
11.14.Кеңештин комиссиясынын жыйналыштарына бул туруктуу комиссиянын курамына кирбеген, Кеңештин кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттары катыша алат.
11.15.Айрым маселелерди даярдоо үчүн Кеңештин комиссиясы ушул комиссиянын мүчөлөрүнүн, Кеңештин башка депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин жана башка адамдардын ичинен жумушчу топторду түзө алат.
11.16.Комиссиянын контролдук функциялары тиешелүү комиссиянын төрагасынын суроо-талабы боюнча жооптуу адамдар берген маалыматты өз жыйналыштарында карап чыгуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Комиссиянын сунуштарын талкулоо үчүн Кеңештин жыйналышына коюлат.
11.17.Комиссиялар өздөрү Кеңештин кароосуна киргизген маселелер боюнча, ошондой эле комиссиялардын корутундуларын макулдашуу боюнча комиссияларда алдын ала же кошумча карап чыгууну талап кылган маселелер боюнча Кенештин жыйналышында өз докладчыларын жана тен докладчыларын бөлөт.
11.18.Ар бир маселе боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын көрсөтүү менен комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин маселелерин карап чыгуунун натыйжалары тиешелүү протоколдорго жазылат. Комиссиянын кабыл алынган чечими протокол менен толтурулат, ага төрага жана жооптуу катчы кол коет. Комиссия мүчөлөрү кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал жыйналыштын протоколуна кошулат.
11.19.Комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында кабыл алынган анын чечимдери көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын бардык органдары тарабынан милдетүү түрдө каралып чыгууга жана аткарылууга тийиш.
11.20.Комиссиянын ишин уюштуруу, материалдык-техникалык, укуктук, маалыматтык жана башкача камсыз кылууну жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органы жүзөгө ашырат.
11.21.Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча материалдар комиссиянын жыйналышы башталганга чейин 1 күндөн кечиктирбестен комиссия мүчөлөрүнө берилет. Бюджетти тактоо маселелери боюнча Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылган учурда материалдар комиссиянын жыйналышынын күнүндө берилиши мүмкүн.
12. Комиссиянын ишин токтотуу
12.1. Кеңеш комиссиянын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышы комиссиянын ишин токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
12.2. Ушул Жобонун 11.1-пунктунда көрсөтүлгөн, комиссиянын ишин токтотууга алып келген кырдаалдар келип чыккан учурда Кеңешке комиссия жасалган иш жөнүндө отчет-катты жөнөтөт.