Акыркы жарыялар

Башкы баракка

Айыл мыйзамы

 КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ, ЖАЛАЛ-АБАТ ОБЛАСТЫ, ТОКТОГУЛ

  РАЙОНУ, ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЛПЫ ЖАМААТЫНЫН АЙЫЛ МЫЙЗАМЫ

                                  ( УСТАВЫ)

     Биз, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган граждандар, арабызда

бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу,айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөөнүн жана тургундун бакубат жашоосун касыздоону көздөп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугунун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл алабыз.

Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эң оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын айылыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада салттарын, асыл нарктарын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү  жети осуятын ыйык тутуп,аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз катары колдонобуз.

 

1.Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдиги;

2.Улуттар аралык ынтымак,достук жана кызматташтык;

3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;

4.Арыбас мээнет, алдынкы өнөр менен билим аркылуу бакубат дөөлөт;

5.Гуманизм,айкөлдүк, кечиримдүүлүк;

6.Табият менен таттуу мамиледе болу;

7.Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны колдонуп, аны көздүн карегиндей сактоо.

 

  1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.

 

          Жергиликтүү жамааттын негизги мыйзамы болгон айыл мыйзамы төмөндөгүлөрдү аныктай жана камтыйт;

 

          . жамааттын негизги шарты жана максаттары;

          . жамааттын үзүн-өзү башкаруунун принциптери;

          . жамаатын өз алдынча башкаруу органдары;

          . жамааттын мүчөлөрү;

          . жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

          . жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары;

          . жамааттын финансалык-экономикалык негиздери;

          . жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонуулуучу сыйлык чаралары;

          . жамааттын мүчөлөрүнө жана өз алдынча башкаруу органдарынын курамына көрүлүүчү жаза чаралары;

          . жамааттын өзгөчө укуктары;

          . мыйзамды кабыл алууну, өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби;

          . жамааттын турмушундагы мамлекеттик мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелери.

 

  1. II. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУН

                       УЮШТУРУУНУН НЕГИЗГИ ШАРТЫ ЖАНА

                                             МАКСАТТАРЫ.

 

         1.Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жага жүргүзүүнүн шарты-бул жамааттын жергиликтүү маанидеги бардык коомдук-пайдалуу маселелерди өз жоокерчилигине алып, алардын мыйзам чегинде өз алдынча чечүүгө жана башкарууга жөндөмдүүлүгү.

  1. Өз алдынча башкарууга өтүү менен жамаат максаттарды көздөйт:

. мыйзам чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди көз карандысыз,өз алдынча жана өз убагында чечип туру максатында айыл өкмөттүн аймагындагы каражаттарын, социалдык обьектилерди жана башка материалдык байлыктарды мамлекеттик менчиктен ажыратып алууну, ошондой эле башка ээлеринин ыктыярдуу түрдө берген мүлк байлыктарын өткөрүп алуунун негизинде жамааттын ортолук менчик жана финансалык экономикалык базасын түзүүнү;

          . айыл өкмөттүн бюджетин өз алдынча түзүүгө, толуктоого жана анын калктын мүдөөсүн аткарууга жумшоого;

          . жамааттын мүчөлөрүн өз алдынча башкаруу жана тарбиялоо ишине тартуу менен демократияны өнүктүрүп, мыйзамдын так сакталышына аң-сезими жана активдүүлүгүн жогорулатууга;

          

                             III. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН

                                                      ПРИНЦИПТЕРИ.

 

          Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:

. жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;

          . өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамааттын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү жана аларды эл алдындагы жоопкерчилиги;

          . жамаатын өз алдынча башкаруусун өкүлдүк органы болгон айылдык кеңештин  депутаттарынын жамаатын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, ал эми анын аткаруучу-тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы;

          . жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчү жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так эсептелиши;

          . социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы;

          . жамаатын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын корголушу;

          . жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкты, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмары менен тыгыз байланышта;

          . жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда айылдык кеңеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү жана пикир айтуу эркиндиги;

          . өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.

 

III. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУНУН

                                                        ПРИНЦИПТЕРИ.

 

Жамааттын өз алдынча башкаруусу төмөндөгү принциптерде  жүргүзүлөт:

. жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жамааттын өз алдынчалыгы, өзүн- өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү тарбиялоосу жана жөнгө салуусу;

           . өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин жамаатын мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнүшү жана алардын эл алдындагы жоопкерчилиги;

           . жамааттын өз алдынча башкаруусун өкүлдүк органы болгон айылдык Кеңештин депутаттарынын жамааттын мүчөлөрү тарабынан жашыруун, ал эми анын аткаруучу- тескөөчү органы болгон айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматка дайындалышы;

           . жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк аткаруучу-тескөөчү жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин так чектелиши;

           . социалдык акыйкаттуулуктун сакталышы;

           . жамааттын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу;

           . жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги маалымдуулукту, аныктыкты, коомдук бирикмелер, уюмдар жана калктын кеңири катмары менен тыгыз байланышы;

           . жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарда, элдик жыйындарда айылдык кеңеш менен айыл өкмөтүнүн жыйналыштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди көтөрүү

жана пикир айтуу эркиндиги;

. өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди өздөрүнө ыйгарылган укуктарынын чегинде өз алдынча чече алуусу, кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу боюнча жамааттын жана мамлекеттин алдындагы жоопкерчилиги.

 

  1. IV. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ.

 

           Жамааттын өз алдынча башкаруусу анын төмөндөгү органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

           .  жамааттын мүчөлөрү тарабынан шайланган өкүлдүк органы айылдык Кеңеш;

           . айылдык Кеңештин аткаруучу-тескөөчү орган- айыл өкмөтү;

           . аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары ( айылдардын өз алдынча башкаруу коомдук кеңештери, турак-жай, көчө жана кварталдык комитеттер ж.б.);

           . аксакалдар соттору, коомдук тартипти коргоо кошундары;

           . жамааттын материалдык-финансалык байлыктарын пайдалануу боюнча элдик көзөмөл тобу;

           Жамаат түздөн-түз өз алдынча башкарууну төмөндөгү демократиялык жолдор аркылуу турмушка ашырат:

. жергиликтүү айылдык референдумдар;

           . жамааттын мүчөлөрүнүн курултайлары:

           . айылдык жыйындар, чогулуштар ж.б.

           Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк жана аткаруучу-тескөөчү органдарын уюштуруунун негизги тартиби жана иш аракеттери, ошондой эле жергиликтүү айылдык референдумдар жана жамааттын курултайларын өткөрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу жөнгө салынат.

 

Эскертүү: Жамааттын өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк, аткаруучу-тескөөчүү

жана башка органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, өз аймагында ардагерлердин, аялдардын, жаштардын, өспүрүмдөрдүн, коомдук уюмдарга жана коомдук түзүлүштөргө көмөк көрсөтүшөт жана алар менен кызматташат.

 

  1. V. ЖАМААТТЫН МҮЧӨЛҮГҮ

 

  1. Жаматтын мүчөлүгүнө кабыл алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Ар бир айыл башчысы ошол айылдагы 16 жаштан жогорку атуулдарды жамаатка кабыл алуу жөнүндөгү тизме түзөт.Тизмеге мүчөлүккө кирүүчү атуул өзү кол коет.
  2. 16 жаш курагына жеткен, кеңештин аймагында туруктуу жашаган, арыз менен кайрылган ушул айыл мыйзамын ниети менен кабылдаган жана анын талаптарын сактаган, анда көрсөтүлгөн өз укуктарын жана милдеттерин турмушка ашырган ар бир тургун жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелет.
  3. Туруктуу жашоо үчүн башка жактан көчүп келген Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнүн чечими менен жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Жамаатка мүчө болуп кирүү жөнүндө жарандардын арызы айылдык Өкмөт тарабынан бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга жатат.
  4. Айыл өкмөттүн аймагында туруктуу жашабаган, бирок ошол аймакта өзүнө жеке менчик катары тийешелүү кыймылсыз мүлк же өндүрүштүк каражаты бар, жергиликтүү

Бюджетке дайыма салыктарды жана жыйымдарды төлөп турган, ушул айыл мыйзамы кабылдаган жана анын талаптарын аткарууга милдеттенген Кыргыз Республикасынын жарандары өз жамаатынын мүчөсү боло алат.Бирок айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер үлүшүнө талапкер боло албайт.

 

  1. VI. ЖАМААТТЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН УКУКТАРЫ

 

Жамааттын ар бир мүчөсү ушул айыл мыйзамына ылайык төмөндөгүдөй укуктарга

ээ болот.

1.Жамааттын мүчөсү рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, уруусуна дүнүйө-мүлктүк жана башка абалына карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:

           . жамаатын өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга;

           . жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого жана аларды турмушка ашыруу боюнча иш аракеттерге катышууга;

           . иш тажырыйбасына, билимине жана жөндөмүнө жараша өз алдынча башкаруу органдарына  кызмат өтөөгө;

           . жамааттын мүчөлөрү үчүн бекитилген жеңилдиктерден пайдаланууга;

           . жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына

сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;

. жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күн аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:

           . жергиликтүү референдумдарга, айыл курултайларына, айылдык жыйындарга, айылдык Кеңеш менен айыл Өкмөтүнүн ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;

           . Айыл мыйзамында чагылдырылган укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында аксакалдар сотуна же башка тийешелүү органдарга кайрылууга;

           . Айыл мыйзамынын эрежелерин жамааттын башка мүчөлөрү бузган учурда, өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотуна кайрылууга;

            . аксакалдар соту ушул мыйзамда көрсөтүлгөн чектерден чыккан чечимдерди кабыл алган учурда мамлекеттик укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга;

           . мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк ( сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;

           . адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана аны жалпы жамааттык, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушуна;

           . жамааттын мүчөлүгүнөн өз ыктыяары менен чыгууга;

           . Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана айыл мыйзамында каралган башка да укуктардан пайдаланууга;

           2.Аталган укуктардан жана ушул айыл мыйзамында көрсөтүлгөн артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден жамааттын мүчөлөрү гана пайдалана алышат.

 

VII. ЖАМААТТЫН  МҮЧӨЛӨРҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ

                              Жамаатын  мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:       

.  Айыл Мыйзамынын эрежелерин так сактоого;

           . жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;

           . жамаатын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга ( социалдык багыттагы обьектилерди, жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууларга, аларды ишке ашыруу боюнча –( бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, граждандык коргонуунун талаптарын сактоо жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;

           . жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Айыл мыйзамынын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерди аткарууга;

           . жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;

           . өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү касыз кылууга;

           . мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабоого;

           . курчап турган табиятка ( айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жан-жаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарихый,маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;

           . турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;

           . жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди,сууну жана башка жаратылыш байлыктын ортолук менчикте сарамжалдуу пайдаланууга.

 

Өзгөчө милдеттер жана парздар:    

 

           . балага кам көрүү жана билим алуусуна милдетүү түрдө жооп берүү, туура тарбиялоо-ар бир ата-эненин милдети;

           . ата-энелерине камкордук кылуу-эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир баланын милдети;

           . Жамааттын ар бир мүчөсүнө гуммандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоо, жетимдерди жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок кары-картаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алуу жана багуу жалпы калктын ыйык парзы;

           . улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүү,араккечтике, уурулукка, бангиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоо, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышууга жамааттын ар бир мүчөсүнүн милдети;

           . өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлөө мүчөлөрүнүн эмгектенүүгө, айрыкча жаш муундардын Ата-Мекенин, өз айылын сүйүүгө, патриотуукка, интернационализмге, достукка тарбиялоо ар бир үй-бүлөө башчысынын милдети;

           . ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоо ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк берүү айыл өкмөттүн аймагында жашаган ар бир улуттун өкүлүнүн милдети;

           . маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктар атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө катуу тыюу салынсын;

           . маркумду коюуда бир бодо малдан ашык союлбасын;

           . жыртыш жыртылбасын, кийит кийгизүү,доорон акы берүүгө тыюу салынсын;

           . спирт ичимдиктери ичилбесин;

           . маркумга жетилик өткөрүүгө тыюу салынсын:

           . маркумга элүү күндүк же кыркылык өткөрүү жана жылдык (кара ашы) бөлөк ырым жырымдарга тыюу салынсын;

           . той- аш берүүдө чыгым элге жүктөлбөстөн жана ичиликке тыюу салынсын.

           . мекеме-уюм, ишканаларда шаан-шөөкөт юблейлерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

           . кыз берүү, келин алууда, эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлсүн жана ашыкча чыгымга жол берилбесин;

           . ар бир кожолук өз менчигиндеги малдардын,ит мышыктарын жыл ичинде бир жолу, ветеринардык кароодон өткөрөт;

           . айыл аймагындагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жана бак дарактарын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет;

           . ичкиликке,наркоманияга писихологиялык ооруларга  өтө берилген атуулдарга

коомдук жаза чаралар таасир кылбаса өзү жашаган мажбурлаган дарлоо мекемелерине жөнөтүү жөнүндө сунуш кылат;

           . айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечералрга жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү, максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылсын, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулсун;

           . урксатсыз аңчылык кылуу, балык салууга, жаратылыштын жанбырларына, өсүмдүктөрүнө бүлгүн салууга жол коюлбасын.

           . айыл аймагындагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;

           . ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш.Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.

          . уруксаты, сертификаты жок алкоголдук ичимдиктерди сатуу одоно кылмыш катары белгиленсин.

           . Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө мусулман дининдеги

ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинсин.

Эскертүү: Той-тамаша жана шаан шөкөт өткөрүүнүн, маркумдарды узатуунун

коомдук тартиби айыл өкмөтү же квартал  башчыларынын макулдашуусу менен өткөрүлөт.

 

VIII. ЖАМААТТЫН  ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

                                     ОРГАНДАРЫНЫН ФУНКЦИЯЛАРЫ.

 

Жамааттын өз алдынча башкаруу органдары аткарууга тиешелүү болгон жергиликтүү маанидеги маселелер төмөндөгүлөр:

. коммуналдык менчикти түзүү жана аны башкаруу;

           . аймакты социалдык-экономикалык жактан ар тараптан өнүктүрүү, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан мекеме-ишканалардын жетекчилерин айыл өкмөтүнүн сунушу менен дайындалуу жана иштөө тпртибин көзөмөлдөө;

           . жамааттын жер байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, жамааттын жер байлыктарын жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы жансыз мүлктөрдү ( бардык курулуш обьектилерин) сарамжалдуу пайдалануу үчүн көзөмөлдө болуусу;

           . турак-жай коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү иштери, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ош-Бишкек жолундагы тамактануу жайларынын архитектуралык талабына туура келген жайларга көзөмөлдөө, коммуналдык, санитардык, көрктөндүрүү иштери;

           . соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу;

           . жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү;

           . мектепке чейинки, мектепте жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү:

           . калктын өзгөчө асыл нарктуу тарыхый,маданий рухий салттарын, элдин өздүк көркөм чыгармачылыгын, эстеликтерди,музейлерди, китепканаларды сактоо жана өркүндөтүү;

           . жамаатын мүчөлөрүнүн, үнөмчүл жана жаратман багытында тарбиялоо; 

           . дене-тарбиясын, спортту, туризмди өнүктүрүү;

           . коомдук тартипти сактоо,айылдардын аксакалдар сотунун алдында кошундарды уюштуруу,айыл участкалык инспекторлорунун иштөө тартибине, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жол транспортунун жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу;

           . калкты даректүү социалдык коргоону жана жардамга муктаж үй-бүлөөлөрдү, атуулдарды социалдык жактан коргоону уюштуруу;

           . Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул айыл Мыйзамына каршы келбеген башка маселелерди чечүү.

 

  1. IX. ЖАМААТТЫН ФИНАНСАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК

                                                  НЕГИЗДЕРИ.

 

Жамааттын өз алдынча башкаруусунун экономикалык жана финансалык негиздерин ортолук менчик каражаттарын төмөндөгүлөр түзөт.

. жамаатын карамагындагы мамлекет, мекеме, уюм, ишкана, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан коомдук уюмдар,кыймылдар,демөөрчүүлөр,жеке адамдар тарабынан ыктыярдуу өткөрүлүп берилген кыймылдуу жана кыймылсыз дүнүйө мүлктөр, социалдык, маданий турмуш-тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектилер;

               . жамаатка өткөрүлүп берилген жерлер,жайттар ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой,суу, жол чарба обьектилеринин чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешелер;

. жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктар, жыйымдар жана башка каражаттар;

           . кредит ресурстары, дотациялар,субвенциялар жана инвестициялар:

           . жаратылыш байлыктарын пайдалангандардан алынуучу акылар;

           . ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акылар;

           . сатылган азык-түлүктөрдөн түшкөн акылар;

           . өз каалоосу менен берилген ыктыярдуу төлөмдөр, кошумчалардын эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддор;

           . тышкы экономикалык ишкердүүлүктөн, гранттардан түшкөн чегерүүлөрдүн эсебинен жыйналган финансалык ресурстар.

  1. Жамааттын финансалык-экономикалык негиздерин түзгөн байлыктарды айыл өкмөтү тарабынан пайдалануу жана сарптоо тартиби, бюджетти аткаруу айыл Кеңеш тарабынан аныкталат.
  2. Жамаатын материалдык финансалык байлыктарынын сарамжалдуу жана туура пайдаланышын коомдук көзөмөлдөө айыл өкмөт тарабынан түзүлүүчү 5-9 адамдан турган элдик көзөмөлдөө тобу тарабынан жүргүзүлөт.

Элдик көзөмөл тобуна талапкерлер айылдык жыйындар жана коомдук уюмдар тарабынан сунуш кылынат.Бул топтун текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары айылдык кеңештин аксакалдар сотунун же өзгөчө болуучу учурларында тиешелүү мамлекеттик органдарынын кароосуна берилет.

 

  1. X. ЖАМААТТЫН ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ

                          ТАРАБЫНАН КОЛДОНУУЛУЧУ СЫЙЛЫК ЧАРАЛАРЫ.

            1.Айыл мыйзамынын талаптарын үлгүлүү аткарган коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамааташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй- бүлөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамаатын мүчөлөрүнө, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине жана башка атуулдарга моралдык жана материалдык жактан сыйлык катары төмөндөгүлөр колдонулушу мүмкүн.

– алкыш жарыялоо, баалуу белек, башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо;

– мактоо баракчасын тапшыруу;

«Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө (квартал)», «Үлгүлүү айыл», « Үлгүлүү муниципалдык кызматкер» деген наамдарды ыйгаруу;

– жамааттын ардак китебине жазуу;

– «Айылдын ардактуу атуулу» деген ардактуу наам ыйгаруу;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамадарына көрсөтүү;

2.Жамаатын мүчөлөрүн сыйлыкка көрсөтүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт.

а/ жамааттын мүчөлөрүн сыйлыка көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын жалпы жыйындарына, аксакалдар сотуна, коомдук айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн

мүчөлөрүнө айылдык кеңештин депутаттарына таандык.

б/ алкыш жарыялоо, баалуу белек башка материалдык жана акчалай сыйлык менен сыйлоо мактоо баракчаларын тапшыруу, «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө (квартал)», «Үлгүлүү айыл», « Үлгүлүү муниципалдык  кызматкер» деген наам ыйгаруу тууралу чечим

айыл өкмөтү тарабынан жазуу түрүндө кайрылуулар боюнча кабыл алынат.

в/ жамаатын Ардак тактасына жана Ардак китебине жазуу, «Айылдын ардактуу атуулу» деген ардактуу наам ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

 

мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына көрсөтүү жөнүндөгү чечимдер айыл өкмөтүнүн сунушу боюнча айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

 

  1.                     XI. ЖАМААТЫН МҮЧӨЛӨРҮНӨ ЖАНА ӨЗ АЛДЫНЧА

                            БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫНЫН КУРАМЫНА КӨРҮЛҮҮЧҮ

ЖАЗА  ЧАРАЛАРЫ.

 

  1. Айыл аймагынын мыйзамынын эрежелерин сактабаган мүчөлөрүнө төмөнкү жаза чаралар колдонулат;

. ооз эки же жазуу түрүндөгү эскертүү;

           . жашаган жерлерде өткөрүлгөн чогулуштарда жана айылдык жыйындарда коомдук таасир көрсөтүү;

           . өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте Ардак наамдарынан ажыратуу:

  1. Жогорудагы көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары жамаатын мүчөлөрүнүн, айыл башчысынын, өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин сунуштары боюнча айылдык кеңеш, айыл өкмөтү, аксакалдар соту тарабынан колдонулат.
  2. Айыл мыйзамынын эрежелерин одоно түрдө бузган же милдеттерин аткара албаган жамаатын өз алдынча башкаруу органдарынын курамдарына төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат.

а/ Айыл өкмөт башчысы тарабынан өкмөттүн мүчөлөрүнө, квартал башчыларына жана жоопту кызматкерлерине;

жазуу түрүндөгү эскертүү;

           . төмөнкү кызматка которуу;

           б/ айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин чечими менен;

айыл башчысына эскертүү берүү.

           . айыл өкмөтүнүн башчысына, айыл өкмөтүнүн жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;

           . аксакалдар сотунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө;

           . Элдик көзөмөлдөө тобунун жалпы курамына же анын айрым мүчөлөрүнө ишеним көрсөтпөө.

           в/  айылдык кеңештин курамына же депутатка мыйзамга ылайык жамаатын шайлоочулары тарабынан ишеним көрсөтпөө.

  1. Агын сууларды бузгандарга жана мурабка баш ийбеген инсандарга аксакалдар соту жана айыл өкмөт башчысы тарабынан мыйзам чегинде чара көрүү;

-жайлоого өз убагында көчпөй жана өз мезгилинде көчүп келбей эгинге жана чөп жайытка зыян келтиргендерге;

– корук маалында айдоолорго, үлүш жерлерге жана короодогу бак-дарак огороддорго түшкөн малдарга айып пул чегерүү айылдык кеңеш тарабынан белгиленип  аксакалдар соту менен биргеликте айыл өкмөт тарабынан аткарылат.

– айыл өкмөтүнүн уруксаты берилбеген жерлерди өз алдынча тозуп алган жана айдап жер кыртышын бузгандарга, ата-тегимдин жери деп шылтоолоп мыйзамсыз жер ээлегендердин Мыйзамсыз ген пландан сырткары тосмолорду жолго чыгарып кургандардын курулушу токтотулуп, кайра калыбына келтирилип  мыйзам чегинде чара көрүлөт.

– мыйзамсыз суу түтүктөрүн үйлөрүнө киргизип алган айыл тургундарынын суу түтүктөрү кыркылып айып пул салынат.

XII. ЖАМААТТЫН ӨЗГӨЧӨ УКУКТАРЫ.

 Жамааташтыкта өтө маанилүү болгон айрым социалдык-экономикалык, чарбалык жана маданий маселелерди башка өз алдынча башкаруу жамааттары менен биргелешип чечүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзам актларынын чегинде белгиленген тартипте ар кандай денгээлде түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча бирикмелерге жана ассоцияларга мүчө болуп кирүүгө укуктуу.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жамаат чет өлкөлүк жана эл аралык өз алдынча башкаруу жамаатары менен алака түзүүгө акылуу.
  2. Жамаатын жана анын органдарынын ишмердигиндеги маалымдуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу максатында, жамаатын өзүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен массалык маалымдуулук каражаттарынын (гезит, баракчалар, жергиликтүү радио

түйүндөр жана башкалар) мыйзам чегинде түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.

 

XIII. АЙЫЛ МЫЙЗАМЫН КАБЫЛ АЛУУ ЖАНА  ӨЗГӨРТҮҮ,

                                   ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ.

 Жамааттын айыл мыйзамынын долбоорун айылдык кеңештин чечими менен түзүлгөн атайын комиссия Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 14 статьясынын негизинде иштеп чыгат.

Комиссия тарабынан даярдалган Айыл мыйзамынын долбоору жамааттын, коомчулуктун мүчөлөрүнүн талкуусуна коюлат.

Талкуулоого түшкөн сунуштардын негизинде комиссия айыл мыйзамынын долбооруна тиешелүү кошумчаларды киргизип, Айыл мыйзамынын долбоору жаматтын жалпы мүчөлөрүнүн курултайына коюлат.

  1. Айылдык курултайында кабыл алынган Айыл мыйзамы юридикалык экспертизадан өткөрүү үчүн жергиликтүү Адилет органына жөнөтүлөт. Адилет органдары тарабынан чыгарылган кортундусунда көрсөтүлгөн жетишпегендиктерди толуктап айылдык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн каралат.

Айылдык кеңештин сессиясында каралып жана бекитилген Аыйл мыйзамы жөнүндөгү чечими кайрадан жергиликтүү Адилет органдарына жалпыга милдетүү болгон нормативдик укуктук акт катары мамлекеттик каттооого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.03.2000-жылдагы № 124 токтомунда көрсөтүлгөн талаптарына ылайык жөнөтүлөт. Мамлекеттик каттоодон өткөн Айыл мыйзамы айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.12.1999 жылдагы № 681 токтомунун биринчи пунктунун үчүнчү абзацына ылайык областтык массалык маалымат каражаттарына жарыяланган учурдан баштап юридикалык күчкө ээ болуп турмушка ашырылат.

3.Айыл мыйзамы жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ал айылдык кеңештин аймагындагы жамааттын баардык мүчөлөрү жана өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кыйшаюсуз аткарууга жатат.

  1. Жамаатын айыл мыйзамынын аткарылышына көзөмөлдүктү айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү аксакалдар соттору жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрү жүзөөгө ашырат.
  2. Айыл мыйзамына түзөтүүлөрдү, алымча- кошумчаларды киргизүү ушул Айыл мыйзамынын кабыл алган тартипте жүргүзүлөт.

 

XVI. ЖЫЙЫНТЫК  ТИЛЕК.

                                  Урматтуу жамаатын мүчөлөрү!

       «Ырыс алды ынтымак» деп ушул өзүбүз кабыл алган Айыл мыйзамынын бир добуштан колдоп жана кыйшаюсуз аткарылы, «Сабырдын түбү сары алтын»- деп чекилик иштерге барбай нысап кылып, ыйманыбызды калыбына келтирүүгө талбай аракеттенели, жалкоолукту жана бирөөгө  жүк артканды таштап, мамлекет берген укуктан толук пайдаланып, өз тагдырыбызды өз колубузга алалы деп өзүбүзгө тиешелүү иштерди жана милдеттерди билгичтик жана жоопкерчилик менен ишке ашыралы!