Урматтуу Мекендештер! Биометрикалык маалыматтарды тактоо жүрүп жатат

Админ
Автору Админ November 1, 2014 12:19

Акыркы жарыялар

Урматтуу Мекендештер! Биометрикалык маалыматтарды тактоо жүрүп жатат

Урматтуу Мекендештер КРнын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМР) бул КРнын жарандарын автоматтык персонификациялоо менен бирдиктүү каттоого алуу системасы. Калктын реестри КРнын жарандары жөнүндө маалыматтарды чогултууга, сактоого жана анализдөөгө багытталган. КБМР аталган маалыматтарды, КРнын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, юридикалык жана жеке адамдарга берүүгө шарт түзөт.

КРнын Өкмөтүнүн 21 октябрь 2013 жылдагы ”Кыргыз Республикасынын биометрикалык маалыматтар базасын жана КРнын жарандык абалдын актыларынын автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү жөнүндө” токтомунун жана ошондой эле Өкмөттүн 07 май 2014 жылдагы буйругунун негизинде КРнын КБМР ишке ашыруу жана КРнын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн.

Биографиялык жана биометриялык базаны түзүү үчүн төмөндөгү маалыматтар керек:

Биографиялык маалыматтар:

1. Персоналдык идентификациялык номери (ПИН)

2. Ф.И.О

3. Туулган жылы

4. Туулган жери

5. Жынысы

6. Дареги (катталган жери жана азыркы жашаган жери боюнча)

7. Уюлдук телефонунун номери

8. ID паспортунун маалыматтары

9. Үй-бүлөлүк абалы

Биометрикалык маалыматтар:

1. 10 манжасынын изи

2. Санариптик сүрөтү

3. Өзүнүн колу

Биометрикалык маалыматтар- адамдын өздүгүн тактоого мүмкүнчүлүк берген физиологиялык өзгөчөлүктөрү (16 жана андан жогорку жаштагылар сөзсүз түрдө тапшырышы керек).

 

Админ
Автору Админ November 1, 2014 12:19