Үч-Терек айылынын жашоочуларынын жыйыны.

Админ
Автору Админ December 17, 2014 11:46

Акыркы жарыялар

                                   Үч-Терек айылынын  жашоочуларынын жыйыны.

                                                        ПРОТОКОЛУ. №_____

 

 

 17.04.2014-жыл.                                                                                                     Үч-Терек айылы.

 

Чогулушка айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан чакырылган адамдардан 20 адам жана айылдык кеңештин 7 депутаты катышты.Чогулушту айылдык кеңештин төрагасы Ө.Сулайманов  ачык деп жарыялады.

 

Чогулушка  Ч.Орозов атындагы ЖДПБнын башкы врачы М.Орозов, ЖДПБнын невропотолог врачы Ч.Орозов, М.Нургазиев орто мектебинин мугалими К.Усенова, Үч-Терек айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиев жана айылдык кеңештен депутаттары, аксакалдар жана жашоочулар катышып отурат.

 

 

Чогулуштун башчысы:                                Ө.Сулайманов

 

Катчысы:                                                      Д.Уркуналиева

                                               Күн тартибиндеги маселе:

Үч-Терек айыл өкмөтүнүн конторун Ч.Орозов атындагы эмкана менен алмаштыруу.

 

Угулду:      Айылдык кеңештин төрагасы  Ө.Сулаймановдун билдирүүсү угулду.

 

Урматтуу жыйындын катышуучулары! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой биз жалпы депутаттар кезектеги ХVI-сессиябызда №63 токтом кабыл алганбыз.Ал токтомдо Үч-Терек айыл аймагында жайгашкан Ч.Орозов атындагы эмканасын(поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн конторасына алмаштырып жайгаштыруу жөнүндө жана 1-июнга чейин бүткөрүү айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиевге жана ЖДПБ башчысы М.Орозовго милдеттендирилген. Негизинен бул жеке менин пикирим эмес, жалпы элдин пикири сессиябызда 21депутат колдошкон. Өзүңүздөргө белгилүү өкмөттө орун жок, азыр батпай жатышат тыгын болуп, кобинеттер жетпей жатат. Вет.врач, жайыт комитетти, ВУСтар кабинет сурап атышат.Биз ал эмкананын атын өзгөртпөйбүз ошол бойдон калат мындан сырткары Ч.Орозовдун музейи бар экен, ал ошол жерде кала берсин. Бул жер өзүңүздөргө белгилүү жылуу кышкысын бетаптарга да жакшы болмок.Болгону биз шарт түзүп берели деп жатабыз.Эми минтип каршылык көрсөтүп атышат.Үч-Терек айылы боюнча эки кишинин эле сөзү сөзбү? Депутаттардын токтому бар. Рысбай менен Мээримбек экөөңөр көчүргүлө.

 

Акылбеков Токтор – депутат.

 

Урматтуу жыйындын катышуучулары! Каралган меселе негизинен жалпы элдин талабы. Жаман жакшы айтышпайлы эгер алмашылып калса өкмөткө деле ЖДПБ га деле жакшы болгону турат. Бул айыл өкмөттүн контору талаптагыдай. Мен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Д.З.Сагымбаевага барып келдим. Анын контору деле мындай  өкмөтүкүндөй эмес экен.

 

 

Тезекбаев Алиш – пенсионер.

 

Негизи эл чынында убара болуп жатат.Соц.фонд, соц.помощ, ЗАГС, өкмөт ар жакта чачыранды болуп жатат. Элге жакшы эле болмок. Эми Чилдебей аке капа болбосун ойлонсун.Бул жер деле кутту жер. Жаман-жакшы айтыша бербейли. Ынтымакташып эле чече турган нерсе экен.

 

Казимидинов Жайлоо – Үч-Терек айыл өкмөтүнүн орун басары.

 

Айылдык кеңештин токтому чыгып калыптыр. Бул жер жылуу деп сиздерге берип жатат. Мекемелердин бир жерде болгону элге жакшы болгону турат. Бул ишти өзүңүз эле чечип койсоңуз болот.

 

Уметбаев Токтосун – пенсионер.

 

Депутаттардын токтому чыгып калыптыр, аткарылышы керек.Ч.Орозов сизди атамдай жакшы көрөм, сыйлайм.Үч-Терек айылынан сырт жакка ар дайым жакшы кеп чыкчу, жаман кеп чыкпайт. Баатырлык кылсаңыз , туура көрсөңүз  көпчүлүк элдин талабын чечип бериңиз. Бир убакта бул жер  деле жакшынакай эмкана болгон. Бул жерден деле ак халатчандар кирип чыгып турушсун.

 

Султанов Кадырбек – кароолчу.

 

Ч.Орозович бир убакта биринчи жолу сиздин алдыңызда скорыйды айдап совхозго өттүм эле. Макул болуп туура  чечим кылып коюңуз. Болгону 500метр айрыма экен. Экөө тең кутту жай.

 

Чолпонкулов Муратбек –депутат.

 

Бул маселе негизи күзүндө да козголгон. Бул маселе муктаждыктан улам козголгон. Анткени бул айыл өкмөтүнүн имаратында кээ бир адистерге бөлмө жетишпей бир кабинетте эки,үчтөн адистер аралашып олтурушат экен. Эрежеге ылайык ар бир адис өз-өзүнчө кабинетте олтуруп иштеши керек эле. Жайыт комитети, вет.врач, ВУС ж.б. кабинет сурап жатышат. Маданият үйүндө кабинет жок. Кышкысын ал жака эч ким чыдап олтура албайт. Төрт тарабы цемент болуп жатса. Айыл өкмөттө иштеген ар бир адистин сейф,компютер, ж.б.орг.техникалары менен кабинеттери бөлөк-бөлөк болушу керек.Чогуу болгондо документтери да аралашып жоголуп кетип табылбай калып жатат. Мындан сырткары Эмкананын имараты курулганда совхоздун контору үчүн деп курулган эмкананын талаптарына туура келбейт. Ал эми азыркы айыл өкмөттүн имараты мурда ФАП болгон, кышкысын жылуу,айылдын ортосу болуп эмканага которсок элге да жакын болуп жакшы болот эле. Бул элдин муктаждыктары аткарылып калса жалпыбызга эле жакшы болот.

 

 

Разиев Рыскелди – пенсионер.

 

Ч.Орозович бул элдин пикири экен, туура түшүнүп колдоп койсоңуз. Элдер кыйналып жатышыптыр.

 

Жумалиева Инабат – депутат.

 

Мага деле оорчулук болду. Көпчүлүк депутаттардын макулдугу жана элдин пикири менен макул болуп колдодум. Айыл өкмөтүнө кабинет жетишпей жатыптыр. Жакшы үмүт менен батаңызды бериңиз. Талаага таштаган жок, жакшынакай өкмөттүн конторун берип жатат.

 

 

Орозов Мээримбек – ЖДПБнын башкы врачы.

 

Урматтуу жыйындын катышуучулары! Эмкана 1989-жылдан бери бизге өткөн экен. Азырынча колективдин оюу кандай болот деп турам. Негизинен бүт кабинеттер жайланыштырылып калган.Өзүңүздөр билесиздер тиш доктур, аптека булар кандай болот.       Бул кишинин оюн чогуу угалык.

 

 

Калиев Камчыбек – пенсионер.

 

Баардык ойлор айтылды.Чикемдин алтын шилекейин чачыратып макул болушу эле калды. Мен алмаштырууга макулмун.

 

Усенова  Күлүйпа – мугалим.

 

Силер элдин кызыкчылыгын ойлосоңор, биз макул эмеспиз, эмкана ошол бойдон калат.

Эгерде айылдык кеңештин депутаттары элдин камын ойлосо, мен директор бойдон калмакмын.Ушул жашка келгенде чалды кыйнап жатасыңар. Биз бара турган жактарга барабыз эч кандай алмашуу болбойт.

 

Орозов Чилдебай – врач.

 

Ар бир мамлекеттин байлыгы биринчи- ден соолук.Ар бир айылдарда атайын эмкана үчүн жаңы жайларын бошотуп берип жатышат. Силер болсо талашып жатасыңар. Бул жай атамдан калган жай эмес. Бирок, кыргыз элинде жакшы сөз бар «Бөрү карыса бир койчолук алы бар» деген.Ошондуктан эмканага тийишпегиле барбаган жакка барам, уят болосуңар. Маданият үйүнө көчүп баргыла бош турат. Убагында кандай гана сонун жайлар сатылып кетти. Аларды караган жоксуңар. Өсөрбек сага кат жазып кайрылдым эле былтыр жообун бере элексиң. Бул боюнча жооп бересиң.О.Артыкбаевге кат жазып кайрылдым эле жакынкы убакытта жообу келет. Бул эмканага гнеколог, педиатр, хирург келет. Буларга кай жактан кабинет беребиз. Сөздүн кыскасы эмкана өз оордуна калат.

 

 

Урматтуу жыйындын катышуучулары! Башка  ой-пикир, сурооңуздар барбы? жок болсо ушуну менен бүгүнкү жыйын өз ишин аяктады. Жогорудагыларды белгилеп айылдык жыйын

 

 

                                                        ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Үч-Терек айыл аймагындагы жайгашкан Ч.Орозов атындагы эмканасын (поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн конторасына алмаштырып жайгаштыруу боюнча Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVI-сессиясынын №63 токтому аткарууга алынсын.

 

  1. Айылдык жыйында айтылган сын-сунуштар эске алынып аларды турмушка ашыруу боюнча  иш чараны уюшкандыкта алмаштыруу имараттардын мекеме жетекчилерине ушул жылдын  1-июнуна чейин  аткаруусу тапшырылсын.

 

  1. Иш чаранын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.

 

Чогулуштун башчысы:-                                                                        Ө.Сулайманов

 Катчысы:                                                                                                Д.Үркүналиева

 

Үч-Терекайылынынжашоочуларынын

жыйынында айтылган сын-пикир жана сунуштар жөнүндө

 

ИШ  ЧАРАСЫ.

 

№-№ ким тарабынан айтылды/фамилиясы,аты толук көрсөтүлөт/ иштеген жашаган жери жыйында айтылган сын-пикир жана сунуштардын кыскача мазмуну. аткаруу мооноту ким тарабынан атарылат.
1. Үч-Терек айылдык кеңеши, жалпы элдин атынан.
  1. Үч-Терек айыл аймагындагы жайгашкан Ч.Орозов атындагы эмканасын (поликлиника) Үч-Терек айыл өкмөтүнүн конторасына алмаштырып жайгаштыруу жөнүндө.
2014-жыл1-июнь Р.Сейдалиев,М.Орозов.

 

 

 

  Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы:                                 Ө.Сулайманов

 

   Жоопту катчы:                                                                              Д.Уркуналиева

 

Админ
Автору Админ December 17, 2014 11:46